АМФИБОЛИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:13, 30 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АМФИБОЛИТ – көбүнчө амфибол жана плагиоклаздан турган, метаморфизделген тоотек. Курамында кээде гранат, эпидот, биотит, диопсид, кварц жана башкалар катышат. Өңү кара, бозомук, кочкул жашыл. Амфиболит ар кандай магмалык (габбро, диабаз, базальт, туфтар жана башка), ошондой эле карбонат чөкмө тоотектердин өтө метаморфизделишинен пайда болот. Амфиболиттер негизги кошумча минералдары боюнча – биотиттүү, гранаттуу, кварцтуу, кианиттүү, скаполиттүү, цоизиттүү, эпидоттуу жана башка деп айырмаланат. Амфиболит майда кооз буюмдарды жасоо үчүн жана курулушта имараттарды кооздоодо пайдаланылат.