АВТОХОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:13, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВТОХО́РИЯ (авто... жана гр. choreo - тарап жатам) ‒ өсүмдүк мөмөсү менен уругунун сырткы таасирдин жардамысыз эле өзүнөн-өзү таралышы. Бышып жетилген мөмөлөр күч менен чарт жарылып ачылганда уруктары 1 мден 5 мге чейин (механохория) чачылат жана салмагын көтөрө албай жерге үзүлүп түшкөн мөмөлөр аркылуу таралат (барохория). Механохория ашкабак сымалдарга, чанактууларга жана башкаларга мүнөздүү.