АБСОЛЮТТУК ТЕМПЕРАТУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:30, 22 -октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Жакут (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБСОЛЮТТУК ТЕМПЕРАТУРА – термодинамикалык тең салмактуулуктагы макроскопиялык системаны мүнөздөөчү абал параметрлеринин бири. 1848-жылы У. Томсон (Кельвин) киргизген. Т символу менен белгиленип, Кельвин шкаласы (К) менен туюнтулат жана абсолюттук нөл температурадан баштап эсептелет. Нерсени эч убакта абсолюттук нөлдөн төмөн муздатууга болбойт. Цельсий шкаласы (t°C) боюнча аныкталуучу температура менен T=t+273,16 К туюнтмасы аркылуу байланышат.