АФФИНАЖ
Jump to navigation
Jump to search
(фр. affinage ‒ тазалоо) ‒ түрдүү кошундулардан арылтып, өтө таза асыл металл алуунун бир түрү. А. ыкмасы электролиздик, нымдуу жана кургак болуп бөлүнөт. Электролиз дик жол менен алынуучу металл катодго чогултулат да, кошундулар калдык түрүндө бөлүнүп чыгат. Ушундай жол менен алынган алтындын пробасы 999,9дан төмөн болбойт. Нымдуу А. ыкмасы платина, палладий, иридий, радий сыяктуу сейрек учуроочу асыл металлдарды алууда пайдаланылат. Мында кенташтагы металлдар азот, туз к-таларынын эритмесинде эритилип, ар түрдүү реагенттердин (хлордуу аммоний, аммиак, кант) жардамы менен эритмеден бөлүнүп алынат. Кургак А. ыкмасын колдонгондо жогорку темп-рада эритилген кенташта гы металлдар хлор аркылуу өткөрүлөт.