АРЫНБАСАРОВА Наталья Өтеул кызы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРЫНБАСАРОВА Наталья Өтеул кызы (24. 9. 1946-жылы туулган, Москва шаары) – киноактриса, РСФСРдин эл артисти (1998), Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Москва хореография окуу жайын (1964), С. А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) актёрлук факультетин (1974) бүтүргөн. Кино ишмердигин кыргыз тасмаларына тартылуу менен баштаган. «Биринчи мугалим» (режиссёру А. С. Михалков-Кончаловский, 1965) кинотасмасында Алтынайдын ролун чоң драматизм менен психологиялык кылдаттыкта ойногон (Венецияда эл аралык кинофестивалдын сыйлыгын алган). «Жамийла» (режиссёру И. Поплавская, 1969), «Эски тегирмен» (режиссёру Ү. Ибрагимов, 1972), «Улан» (режиссёру Т. Океев, 1977) жана башка тасмаларга тартылган. Н.Арынбасарова СССР Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1978).