АФРАСИАБ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
байыркы Согду мамлекетинин борбор шаары, Өзбек Респ-нын аймагында Самарканд ш-нын түндүгүнөн орун алган, аянты 219 гага жакын. Зороастризмдин ыйык китеби ‒ «Авестада» А. аталышы адам аты катары эскерилет. Ал эми эл арасында сакталып калган эзелки эпостордо Туран аймагынын башкаруучусу А. шаарын салдыргандыгы айтылат. 4-
АФРАСИ АБ58.png

к-га чейин, б. а. Александр Македонский басып алганга чейин аймактагы эӊ ири шаарлардын бири болгон. 8-к-да Согду мамлекети Араб халифатынын курамына кошулгандан кийин, А. шаары кол өнөрчүлүктүн ж-а сооданын борборуна айланып, мурдагыдан да гүлдөп өскөн. 9-к-дан бул шаар тарыхый булактарда Самарканд, 11‒15-к-га таандык түрк тилиндеги эмгек

Афрасиабдан табылган сүрөттөн фрагмент.

терде Семизкент деген аталыш м-н кездешет. 1220-ж. шаар Чынгызхандын аскерлери тарабынан талкаланган. Кийин анын жанына азыркы Самарканд ш. салынган. А. шаарына археол. казуу иштерин алгач Борзенков (1874), В. В. Крестовский (1883), Н. И. Веселовский (1884‒85, 1895), В. В. Бартольд (1904) ж-а В. Л. Вяткин (1905; 1912‒13) жүргүзүшкөн. Казуу учурунда 10-к-га тиешелүү чоӊ мечит, о. эле монгол баскынчылары тарабынан өрттөлгөн мечит, шаардыктардын турак жайлары, 7‒8-к-дагы хан сарайынын калдыктары, суу түтүктөрү, курал-жарактар, кооздук буюмдар ж. б. табылган.
Ад.: Вяткин В. Л., Афрасиаб ‒ городище былого Самарканда. Самарканд, 1926; Шишкин В. А., Афрасиаб ‒ сокровищница древней культуры, Таш., 1966.