АТЫШОВ Боронбай
Jump to navigation
Jump to search
Боронбай (1930, Ош обл., Ноокат р-ну, Ата-Мерек кыш. ‒ 7. 4. 1984, ошол эле жерде) ‒ тамеки өстүрүүчү, Соц. Эмг. Баатыры (1966). Эмгек жолун 1946-ж. Ош обл-нун Ноокат р-нундагы «Россия» к-зунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1956-жылдан тамеки өстүрүүчү бригаданын бригадири. Ал жетектеген бригада тамеки өстүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1965-ж. 29га жердеги тамекинин ар гектарынан 33,9 ц түшүм алган. 1967‒71-ж. Кыргыз
ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.