АСЫРАП АЛУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:38, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search


АСЫРАП АЛУУ‒ башка бирөөнүн баласын багып алуу. Ал сот органдарынын чечими боюнча жүргүзүлүп, милдеттүү түрдө катталат. Асырап алуу асыранды бала менен аны тарбиялап өстүрүүгө алган адамдын ортосунда ата-эне менен өз балдарынын ортосундагыдай эле укуктук мамилелер белгиленет. Эресеге жете элек балдарды алардын таламдарына жараша гана асырап алууга жол берилет. 10 жашка толгон баланы Асырап алуу үчүн өзүнүн макулдугу талап кылынат (ата-энелик укуктан ажыратылган, мыйзамда белгиленген тартипте укук жоопкерчилигине жараксыз же дайынсыз жоголду деп табылган, ошондой эле баласын тарбиялоодон качкан ата-энелердин макулдугу суралбайт). Көзөмөлчүлүктө (камкорчулукта) турган баланы Асырап алуу үчүн көзөмөлчүнүн (камкорчунун) же бала жашаган балдар мекемесинин администрациясынын макулдугу керек. Эгер асырап алуучу никеде турса, анын жубайынын макулдугу зарыл жана жаӊы ысым, фамилия ж. б. өзгөртүүлөр киргизүүгө укуктуу болушат. Асырап алуунун жашыруундуулугу мыйзам аркылуу сакталат, аны жарыя кылгандык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Асыранды балдар, алардын укум-тукумдары ‒ Асырап алуучуларга, алардын туугандарына карата, ал эми Асырап алуучу жана анын туугандары асыранды балдарга, алардын укум-тукумдарына карата өз туугандарындай эле мүлктүк, өздүк укуктарга, милдеттерге ээ. Мындайда асыранды баланын өз ата-энесине, өз туугандарына болгон укуктары, милдеттери жоюлат. Мыйзам аркылуу белгиленген шарттарды бузуу менен жүргүзүлгөн Асырап алуу сот тартибинде жоюлушу мүмкүн. Баланын кызыкчылыгы үчүн кээ бир учурларда Асырап алуучуга баланы багуу үчүн каражат төлөп туруу милдети берилиши мүмкүн.

С. Муратбек кызы.