АРАГОН Луи

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АРАГОН Луи (3. 10. 1897, Париж – 10. 6. 1982,ошол эле жерде) – француз жазуучусу, коомдук ишмер, эл аралык Лениндик сыйлыктын лауреаты (1957). Лицейде, андан соң Париж медицина институтунда (1915) окуган. 1-дүйнөлүк согушка (1917) катышкан. Алгачкы ырларында өзү жашаган доорду сындап жазган. Сюрреалист акын ката­ры чыккан. «Фейерверк» (1920), «Ура, Урал», «Жүрөктөгү канжар» (1934), «Эльзанын жанары» (1942), «Паноптикум» (1943) ыр жыйнактары, көптөгөн поэмалары («Кызыл майдан», «Бүтпөгөн роман», «Эльзага», «Акындар»), «Накта өлүм» (1949), «Калк кайраты ташыган жума» (1958) романдар топтомдору жана «Анри Матис», «Театр-роман» (1974) ж. б. романдары,публ. чыгармалар жыйнагы жарык көргөн. Жазуучунун эстетикалык позициясы «Чыныгы дүйнө» романында ачык байкалат. Ал Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестине «Сүйүү жөнүндө эң сонун баян» деген пикирин айткан.