АСТИГМАТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. а ж-а stigme ‒ чекит) ‒ көздүн оптикалык кемтиги. Анда бир эле көздө түрдүү рефракциялар (алыстан же жакындан начар ж-а жакшы көрүү) же бир эле рефракциянын ар түрдүү даражалары кездешет. Ал көздүн тунук чел ийрисинин ж-а чечекейдин формасынын өзгөрүшүнөн болот. Көздүн ар кайсы бөлүгүндөгү оптикалык системанын нурду чагылдыруу күчү ар кандай болгондуктан нерсенин сүрөттөлүшү даана көрүнбөйт. Мындай учурда көрүү атайын цилиндрлүү көз айнек, кээде кыналма линза кийүү м-н оӊдолот (к. Көз айнек). Балдарды жыл сайын окулист врачка көрсөтүп, көз айнегин которуп туруу зарыл. Чоӊ кишилерде А. демейде туруктуу болот.