АВТОМОБИЛЬ ЖОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:05, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМОБИЛЬ ЖОЛУ ‒ автомобилдердин үзгүлтүксүз, ыӊгайлуу жана коопсуз кыймылын камсыз кылуу үчүн ылайыкталган курулуштар комплекси. Эл аралык, чарбалык маанисине жана жол кыймылына жараша автомобиль жолу: мамлекеттик, облустук, райондук, айылдык ж. б. болуп бөлүнөт. Автомобиль жолунун машина жүрүүчү бөлүгү жолдун негизги элементи болуп саналат. Анын бетине бышык курулуш материалдары төшөлөт. Автомобиль жолунун өзөн, тереӊ коо ж. б. менен кесилишкен жеринде жасалма көпүрө ж. б. курулуп,транспорт өтүүчү ири түтүктөр орнотулат, өткөөлдөр жасалат. Кыймылды жөнгө салуу үчүн автомобиль жолуна жол белгилери жана көрсөткүчтөр коюлат. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Кыргызстанда Фрунзе‒Рыбачье ‒Нарын‒Торугарт; Нарын‒Казарман; Ысык-Көлдү айланта; Фрунзе‒Ош; Ош‒Хорог; Талас‒Жамбыл ж. б. ири жолдор курулуп пайдаланылууда. Азыркы күндө республикабызда мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдун узундугу 20000 кмден ашык (2020).