АВТОМАГИСТРАЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(автожана лат. magistralis ‒ башкы), а в т о с т р а д а ‒ автомобилдердин тоскоолсуз тез жүрүшүнө арналган чоӊ жол. Ал шаардын жана өнөр жай борборлорунун чет жагына салынып, ага төмөнкүдөй талаптар коюлат: алдыда келе жаткан автомобилдер үчүн өзүнчө өтө турган жол тилкеси бөлүнүшү; бир деӊгээлдеги кесилиш жолдор

Бишкек — «Манас» аэропорту автомагистралы.

болбошу; А-га кошулуучу же андан бурулуп кетүүчү автомобилдер үчүн атайын тилкеси болушу керек. Жолдун жүрүүгө жарактуу бөлүгүнүн кыймылдын ар бир багыты үчүн экиден кем эмес тилкеси болуп, бөлүп турган тилкеге атайын орнотулган тосмо менен бирге анын кеӊдиги 5 мден кем болбойт. А. үчүн эстакада курулмасы мүнөздүү болот. Кыймыл көп болсо А-га туруктуу жарык берүү зарыл. Жүк ташуучу автомобилдер көп жүргөн учурда жеӊил жүк ташуучу автомобилдер жана автобустар үчүн өзүнчө жол бөлүнүүгө тийиш. Жол белгилери жана сигналдары б-ча Эл аралык конвенцияга (1968, Вена) ылайык А-дын башталышына жана аягына атайын жол белгилери орнотулат (мис., Европада Женева ‒ Париж, Барселона ‒ Бильбао автострадалары, АКШда ‒ Лос-Анжелес ‒ Сан-Франциско ‒ Сиэтл автострадасы; РФде Домодедово (Москва) аэропортуна барчу жол, «Дон» (Москва ‒ Ростов-на-Дону) жолу, Кырг-нда «Манас» аэропортуна барчу ж. б.) Ад.: : Бабков В. Ф. Автомобильные дороги. М., 1983.