АК-СУУ Жыргалаңдын сол куймасы
Jump to navigation
Jump to search
АК-СУУ ‒ Ак-Суу районундагы суу, Жыргалаӊдын сол куймасы. Узундугу 45 км, алабынын аянты 513 км2. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы мөӊгүлөрдөн башталган Алтын-Арашан жана Алмалуу суулары кошулуп Ак-Сууну түзөт. Алабында 12 көл бар, алардын жалпы аянты 0,42 км2. Ири куймалары: Адыр-Төр, Чоӊ Кашка-Суу. Майда кире баштап, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 5,10 м3/сек; эӊ көбү ‒ 14,4 м3/сек, эӊ азы ‒ 1,26 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Алмалуу өрөөнүнүн оозунда Ак-Суу санаторийи, андан төмөн Теплоключенка кыштагы жайгашкан.