АК-БЕШИМ шаар калдыгы
АК-БЕШИМ ШААР КАЛДЫГЫ – 6–12‑к‑дарга таандык, Токмок ш‑нан 6 км түш.-батыш тараптан орун алган ири шаар калдыгы. Шаардын борб. бөлүгү сепил менен шахристандан турган, алардын дубалдары калың келип, мунаралар менен чыңдалган. Шаардын борб. туташ жайгашкан аймакта кол өнөрчүлүк, соода, дыйканчылык менен кесиптенген шаардыктардын үйлөрү болгон. Бул аймак жалпы уз. 16 км келген дубал менен курчалган. Негизинен турак жай имараттарынын калдыктары, тиричилик шаймандары, тыйындар, иск-во жасалгалары (айкел, алтын жалатылып көркөмдөлгөн буюмдар), о. эле шахристандын түш. тарабында жайгашкан 6–8‑к‑га таандык эки будда храмынан (8‑к‑дын акырына чейин Буддизм өкүм сүргөн) арх‑ра, скульптура, сүрөт, курулуш техникасына тиешелүү бай материалдар табылган. Табылгаларда О. Азия менен Чыгыш Түркстандын мад‑тына таандык окшоштуктар болуп, бул Улуу Жибек жолунун ролун айкындайт.
Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү А-Бди 6–10‑к‑да Батыш Түрк, Түргөш жана Карлук кагандыктарынын борбору болгон Суйаб ш‑нын калдыгы деп эсептешет. Археол. казууларды А. Н. Бернштам (1938–39), П. Н. Кожемяко (1953), Л. Р. Кызласов (1953–55, 1958), 1996-98‑ж. Кыргыз УИА Санкт‑Петербург чыгыш таануучулары менен бирдикте казуу жүргүзүшкөн. А. мамл. корукка алынган.
Ад.: Бернштам А. Н. Түндүк Кыргызстандын археологиялык очерки. Ф., 1941; Кызласов Л. Р. Ак‑Бешимдин урандыларында 1953–54‑ж‑да жүргүзүлгөн археологиялык чалгындоолор. Кыргызстандын археологиялык‑этнографиялык экспедициясынын эмгектери. II том. М., 1959.