АЭРОНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:03, 9 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) (Dilde moved page АЭРОН ОМИЯ to АЭРОНОМИЯ) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОНОМИЯ, (аэро… жана гр. nomos ‒ закон) ‒ Күндүн (жылдыздардын) нурлануусунун таасири астында атм. физикасынын газ молекулаларынын сейрек жайгашкан чөйрөсүндө жүрүүчү физ. жана хим. кубулуштарды изилдөөчү тармагы. Ал негизинен атм. темп-раны, тыгыздыктын бөлүнүшүн, ионосферадагы электрондордун топтолуш профилин, уюлдук жаркыроо, жердин радиациялык курчоолорун (поястары) ж. б. изилдейт. Атм-дагы Күн энергиясынын өзгөрүү процесси, магнитосферадан чыккан бөлүкчөлөрдүн агымы жана космостук нурлар Жер климатын түзүүдө чоӊ роль ойнойт. А. 1950-жылдын башында негизделген. Анын негиздөөчүлөрү ‒ Жердин үстүнкү атм-сын изилдеген англ Д. Р. Бейтс жана бельгиялык М. Николе болгон. А-нын милдети ‒ аталган маселелерди изилдөө менен бирге алардын себептерин түшүндүрүү. А. эсептерин чыгаруу үчүн матем. ыкмалар, жөнөкөй процесстердеги жутулуу жана нурлануунун өзгөрүшү колдонулат.