АУРАНГАБАД
Jump to navigation
Jump to search
АУРАНГАБ АД‒ Индиянын борб. бөлүгүндөгү шаар. Махараштра штатында. Калкы 1,2 млн (2011). Декан бөксө тоосунун түн.-батышында жайгашкан. Алгач Кхирхи (санскритче ‒ «терезе») аталып, 1610-ж. негизделген. Азыркыча Улуу Моголдордун акыркы императору Аурангзебдин урматына аталган. 17-к-дын архит. эстеликтери (анын ичинде Биби-ка-Макбара мавзолейи, Шах-Ганж мечити) сакталган. Шаарга жакын Аурангзебдин күмбөзү жайгашкан. Кебез жана жибек кездемени кол менен токуучу өндүрүшү иштейт. Туристтик борбор. Ажанте жана Эллор храмдарына маршруттар А-дан башталат.
Р. Карачалова.