АЙЫП (адат укугу)
АЙЫП – адат укугу б‑оюнча кылмыш жасагандарга бийлер тарабынан чегерилген жазалардын бири. Айып негизинен ар кыл кылмыштарда ар кандай өлчөмдө белгиленген. Адат укугу Айыпты жөнөкөй Айып жана тогуз Айып деп бөлгөн. Жөнөкөй Айып бир кара (жылкы же уй), тон (тон, ичик, чепкен, чапан), жандык (кой‑эчки) менен төлөнгөн. Айыпкердин малы болбосо, Айыптан каракүчү менен иштеп берип кутулган. Тогуз Айып төө баштаган тогуз, жылкы баштаган тогуз, уй баштаган тогуз деп белгиленген. Айрым учурларда айыпкерге үч тогуз же андан да көп Айып салынган. Мисалы, сарыбагыш уруусунун манабы Ниязбек уулу Ормон хандын «Ормон окуу» деген мыйзамында бирөөнү өлтүрсө «куну» – 300 жылкы, бөлөк бирөөнүн аялын ала качып кетсе - 40 жылкы жана уурулугу үчүн - 9 жылкы өлчөмүндө Айып салына тургандыгы көрсөтүлгөн. Айып үч тараптын: жабыр тарткандын, манаптын (айрым учурда алар бийлер менен катар соттук милдеттерди аткарып, «бийлик» деп аталган салыкты төлөтүп алышкан) жана ишти караган бийдин пайдасына өндүрүлгөн.
А. Кубатова.