АЙМАНБЕТОВ Миңбай
Jump to navigation
Jump to search
АЙМАНБЕТОВ Миңбай (1930, Нарын обл., Кочкор р‑ну, Ак‑Жар кыш.– 1997, Бишкек) – медицина илимд. доктору (1971), проф. (1972). Кыргыз ССРинин илим жана техника б‑ча мамл. сыйл. лауреаты (1984), КРдин эмг. сиң. врачы (1995). КММИни (1954), аспирантурасын (1957) бүтүргөн, ошол эле жерде ассистент (1957‑66), улук ил. кызматкер (1966‑68), доцент (1968‑72) болуп иштеген. Негизинен органдар менен ткандардын регенерация жана трансплантация проблемаларын изилдеген. Эмг.: Регенерация нервов. Ф., 1960; Трансплантация и регенерация органа. Ф., 1975; Проблемы эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1989; Биологическая несовместимость при гемотрансплантации периферического нерва. М., 1971.