АРЕТ Аулис Якобович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:27, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЕТ Аулис Якобович (1907–1974) – педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор. Эстонияда гимназияны жана Тарту университетин бүтүргөн (1932). 1957-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинде доцент, кафедра башчысы болуп эмгектенген. Өзүн өзү тарбиялоо теориясын ачкан жана жогорку окуу жайларында, илимий педагогикалык тармакта кеңири пайдаланган. Анын ырастоосу б-ча ар бир инсан аң-сезимдүү максатка умтулуучулукта өзү менен өзү иштей алат. Өзүн өзү аңдап билүү, сыноо, баалоо, анализдөө, отчёт берүү, мажбурлоо, кармай билүү жана башкаруу ж. б. түшүнүктөрдүн маани-маңызын, аларды практикада колдонуунун методикасын иштеп чыккан.