АРЕТ Аулис Якобович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:11, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АРЕТ to АРЕТ Аулис Якобович) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЕТ Аулис Якобович (1907–1974) – педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор. Эстонияда гимназияны жана Тарту университетин бүтүргөн (1932). 1957-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинде доцент, кафедра башчысы болуп эмгектенген. Өзүн өзү тарбиялоо теориясын ачкан ж-а жогорку окуу жайларында, илимий педагогикалык тармакта кеңири пайдаланган. Анын ырастоосу б-ча ар бир инсан аң-сезимдүү максатка умтулуучулукта өзү м-н өзү иштей алат. Өзүн өзү аңдап билүү, сыноо, баалоо, анализдөө, отчёт берүү, мажбурлоо, кармай билүү ж-а башкаруу ж. б. түшүнүктөрдүн маани-маңызын, аларды практикада колдонуунун методикасын иштеп чыккан.