АРБУЗОВ Алексей Николаевич
11:18, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АРБУЗОВ to АРБУЗОВ Алексей Николаевич) тарабынан жасалган версия
АРБУЗОВ Алексей Николаевич (13. 5. 1908, Москва – 20. 4. 1986, ошол эле жерде) – орус драматургу. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1980). Ленинград театр окуу жайын бүткөн. Чыгармалары 1930-жылдан жарыялана баштаган. «Таня» (1939) пьесасы м-н драматург катары таанылган. «Сүйүктүү алтоо» (1935), «Алыс жол» (1935),«Таң алдындагы шаар» (1941), «Четтеги үй»(1943), «Саякат жылдары» (1954), «Иркутск окуясы» (1959), «Саат он экиге кетти» (1959), Жоголгон уул» (1961), «Байкуш Маратым» (1965), «Бактысыз адамдын бактылуу күнү», «Шайлоо» (1971),«Эски Арбаттын жомогу» (1972) ж. б. чыгармаларды жазган. Ал чыгармаларында жаш муундардын ички дүйнөсүн калыптандыруу, тарбиялоо ж. б. учурдун орчундуу моралдык-этикалык маселелерин көтөргөн.