АРБУЗОВ Александр Ерминингельдович
АРБУЗОВ Александр Ерминингельдович [30. 8 (11. 9). 1877, Казан губ., Арбузово-Баран айылы - 22. 1. 1968, Казан ш.] – химик, СССР ИАнын акад. (1942); корр.-мүчө (1932), Соц. Эмг. Баатыры (1957). А. М. Зайцевдин окуучусу. 1900-ж. Казан ун-тин бүткөн. 1911-30-ж. ошол ун-ттин, 1930-жылдан Казандагы хим.-технол. ин-тунун проф., 1945-63-ж. СССР ИАнын Казандагы филиалынын председатели. Фосфорлуу к-та жана анын бирикмелеринин түзүлүшүн аныктаган. Фосфор орг. бирикмелерин синтездөөнүн бирден-бир негизги жолу болгон реакцияны (Арбузов реакциясы) ачкан. А. хим. катализ жана фосфорлуу к-танын диалкил эфирлеринин таутомерлерин изилдеген жана химиянын өнүгүшүнө баалуу эмгек сиңирген. Ийне жалбырактуу жыгачтардын чайырын изилдеп, чайырды коромжусуз жыйнап алуу техникасын иштеп чыккан. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1943, 1947), беш Ленин ж. б. ордендер жана медалдар менен сыйланган.