АЖИБЕКОВА Клара
АЖИБЕКОВА Клара (19.12.1946‑ж. т., Нарын ш.) – философ, философия илимд. доктору (1991), проф. (1993). КММИни бүтүргөн (1970). 1970–83‑ж. КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1983–95‑ж. Кырг‑н КП БКнын лектору, Саясий агартуу үйүнүн башчысы, Кырг‑н КП БКда бөлүм башчынын орун басары, Политология ж‑а социалдык башкаруу ин‑тунун ректору, Кырг‑н Респ‑нын Министрлер Кабинетинин Башкаруу ин‑тунда, Орус тили ж‑а ад‑т пед. ин‑тунда, БГУда кафедра башчысы, 1992‑жылдан Кырг‑н КП БКнын 1‑секретары болуп иштеген, 1993‑жылдан КРСУда психология ж‑а философия кафедрасынын профессору. Анын эмгектери коомдук турмуштун оорчулук учурунда жаштардын диний ж‑а атеисттик түшүнүктөрдүн механизмин изилдөөгө, ил.-тех. рев‑я шартында адамдын рухий экологиясынын бузулуп баратышынын филос. маселелерин иликтөөгө арналган. 120 ил. эмгектин (а. и. 7 монография, 3 окуу куралы – авторлош) автору.
Эмг.: Молодёжь и проблемы психологии, религии и атеизма в условиях современной НТР. Ф., 1989.