АВТОКЛАВ
АВТОКЛА́В м е д и ц и н а д а ‒ хирург. таӊгычтарды, аспаптарды, микроорганизмдер өстүрүлүүчү жабдууларды, инфекция жуккан материалды, операцияда кийилүүчү халаттарды ж.б-ды жогорку басым астында буу менен пакизалоочу (стерилдөөчү) жылчыксыз аппарат. Анын негизги бөлүгүн керектүү темп-ра жана басымдагы суу буусун алууга ылайыкталган жылчыксыз жабык буу камерасы түзөт. Буу камерасынын ичинде стерилдөөчү камера орнотулган. Ал камералардын ортосундагы боштукка суу куюлат. А-ды ысытканда буу камералардын капталдарынын ортосунда жогору көтөрүлүп, стерилдөөчү камеранын жогорку бөлүгүндөгү тешикчелер аркылуу ага кирип, басым жана темп-ра көтөрүлүп, стерилденүүчү материалдагы микроорганиздерди өлтүрөт. А. металл менен капталган жана ал асбест катмары менен бөлүнгөн. Көчмө жана стационардык А. колдонулат.