АГРОӨНӨР ЖАЙ БИЗНЕСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРОӨНӨР ЖАЙ БИЗНЕСИ ‒ азык-түлүктөрү өнөр жайда кайра иштетүү, а. ч-на керектүү өнөр жай товарларын өндүрүү, сатуу, сатып алуу иш-аракеттери аркылуу киреше алуу. Бул бизнестин субъектилери өз иш-аракетинде эркин жеке менчик ээлери, өлкөдөгү мыйзамдын жана экон. мамилелердин негизинде рыноктук операцияларды активдүү жүргүзүү менен пайда табат. Анын субъектилери банктан кредит алып же өзүнүн капиталын пайдаланып, рыноктук мамилеге киришет. Мындай бизнеске а. ч-сына керек техникаларды, жабдууларды сатууну жана сатып алуу, күйүүчү-майлоочу майлар, запастык тетиктер менен камсыз кылуу, айыл жеринде жашагандарды тамак-аш, кийим-кече, ар кандай керек товарлар менен жабдуу иштери да кирет.