АДАМБЕКОВА Айлен Доктурбековна
Jump to navigation
Jump to search
АДАМБЕКОВА Айлен Доктурбековна [4. 12. 1979-ж. т., Фрунзе (азыркы Бишкек) ш. ] – юрист, юридика илимд. доктору (2011), профессор (2019). Милициянын полковниги (2020). 2002-ж. КМУнун юрид. ф-тин бүтүргөн. 2002–08-ж. Бишкектеги Билим берүүдөгү Стратегиялык технологиялар ин-тунун (ИСИТО) социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, Окумуштуулар кеңешинин ил. катчысы, 2008-жылдан КР ИИМдин Академиясынын ил. жана ил. пед. кадрларды даярдоо ф-тинде улук ил. кызматкер. Мамлекет жана укук тарыхы жана теориясы б-ча адис. 100дөн ашык ил. эмгектин (2 монография, 14 окуу китеби, 5 окуу-методикалык колдонмо) автору. Медалдар менен сыйланган.