АВРЕЛИЙ Марк

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:24, 10 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВРЕЛИЙ Марк (26. 4. 121, Рим –17. 3. 180, Виндобона, азыркы Вена) – 161-жылдан Рим императору, философ, стоицизм өкүлү. Претор Анний Вердин уулу, Анто­нин Пийдин асыранды баласы. Римде импера­тор Адрианга жакын чөйрөдө чоңойгон. Ички саясатында бюрократтык аппаратты ж-а мыйзам чыгарууну тартипке келтирүүгө умтулган. 162–166-жылдары парфиялыктарга каршы жүргүзгөн согушу Арменияда протекторатын калыбына келтирүү жана Месопотамияны басып алуу менн аяктайт. 166–180-жылдары Дунай боюндагы провинцияларга кирип келген германдыктар менен сарматтарга каршы согуш (Маркоманн согушу) жүргүзөт. Тынымсыз согуштар империяны начарлатып, элдин жакырданышына, эпидемиялардын күч алышына алып келген. Стоиктер мектебинин жактоочусу катары таанылган Аврелий «Өзүм менен өзүм» аттуу философиялык чыгармасында адамдагы моралдык сапаттарды өөрчүтүүгө умтулуп, ал эми саясий түзүлүштү өркүндөтүү мүмкүн эместигин белгилеген.