АБДУРАХМАНОВ Мурзалы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:33, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АБДУРАХМАНОВ Мурзалы (11. 6. 1928, Ош обл., Ноокат р-ну, Меркит-Мүркүт айылы, 5. 4.  2011, Ош ш.) - милициянын генерал-майору (1978), КР ИИМдин эмг. сиң. кызматкери. Кырг-н КП БКга караштуу респ. парт, мектепти (1959), КПСС БКнын Алматы жогорку парт, мектебин (1961), СССР ИИМнин Караганды жогорку мектебин (1976) бүткөн. 1948-69-ж. парт, жетекчилик кызматтарда: Кызыл-Кыя шаараткомунун жооптуу секретары, маданий-агартуу бөлүмүнүн башчысы, Ош обл. маданият башкармалыгынын бөлүм башчысы, Кырг-н КП Ош обкомунун инструктору, Кырг-н КП Көк-Жаңгак шааркомунун 2-, 1-секретары, «Нарынэнергиякурулуш» башкармалыгынын парткомунун секретары, Кырг-н КП Таш-Көмүр шааркомунун 1-секретары, 1969-83,1990-91-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыгынын начальниги, 1983-90-ж. Ош обл. адвокаттар коллегиясынын президиумунун төрагасы, 1991-2011-ж. Ош обл. ички иштер башкармалыгында ардагерлер кеңешин жетектеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1963-67), КР Жогорку Кеңешинин (1990-95) депутаты. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
АБДУРАХМАНОВ 137.png