АГАЖАРИ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:37, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ Ирандын түш.-чыгышын дагы ири газ-нефть кени. Нефтилүү бассейн Перс булуӊунун чегинде жайгашкан. 1936-ж. ачылып, 1938-жылдан иштетилет. Аянты 388,5 км2. Алгачк ы нефть запасы 1,9 млрд т, газ 263 млрд м3. Асимметриялык антиклиналдык түзүлүшүнүн бүктөлүү канатчасы Месопатамия ийилүүсүнө туура келет. Курамындагы акиташ тегинин тереӊдиги 1550‒1250 м, жогорку бор акиташы‒ 1700 мден жогору. Нефтинин тыгызды гы 852 кг/м3, күкүрттүүлүгү 1,4%. Нефть куурлары Бендер-Махшехр портуна ж-а Абадан ш-ндагы нефть ажыратуучу з-дго чейин жеткирилген.