АЛЕКСЕЕВ Василий Иванович
Jump to navigation
Jump to search
АЛЕКСЕЕВ Василий Иванович (7.1.1942-ж.т., Рязань обл., Покрово-Шишкин кыш.) ‒ орус спортчусу (оор атлетика), СССРдин эмг. сиӊ. спорт чебери (1970) ж-а эмг. сиӊ. машыктыргычы (1991).Олимпия оюндарынын (1972, 1976), дүйнөнүн (1970‒71, 1973‒75, 1977‒78) ж-а СССРдин оор салмактагы чемпиону. Дүйнөнүн 80 рекордун койгон. 1970-ж. СССРдин ж-а Европалык, дүйнөлүк мелдештерди утуп, зор жетишкендикке жеткен. Спорттук ишмердигин аяктагандан кийин СССРдин курамында улук машыктыргыч болуп иштеген (1982‒88). 1999-ж. Россиянын спортту өнүктүрүү фондунун президенти болуп шайланган.