АПОЛЛОН -- олимпия кудайы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– грек мифологиясындагы олимпия кудайы. Зевстин ж-а Летонун уулу, Артемиданын эгизи. Легенда б-ча кызганчаак Гера Зев­стин сүйгөнү Летону кургактыкта жашоого тыюу салгандыктан, ал сүзүп жүрүүчү Астерия аралына жашап калып, ошол жерден уул көрөт. А. эрте жетилип, жаш чагында эле ошол аймакты ойрондотуп турган Пифон деген ажыдаарды, о. эле анын энесин кемсинтүүгө аракеттенген Титийди, Зевстин чагылганын курчуткан циклопторду өлтүрөт. Олимпиялыктардын гиганттар ж-а титандар м-н салгылаштарына катышат. Троя согушунда А. троялыктарга жардам берип, Гектордун Патроклды, Паристин
Ахиллди өлтүрүшүнө түздөн түз катышкан. А-дун ойрондотуучу касиеттеринен тышкары, дарыгерлик касиети да болгон. А. дарыгер же Пеон, Алексикакос, оорулардан ж-а жамандыктан коргоочу катары да эсептелген. Кийин аны күнгө теңей башташкан. А. уруулардын, ырчылардын, музыканттардын, малдын, шаарлардын башкаруучусу ж-а пири катары да саналган. А-го сыйынуу Грекияда кеңири тараган, бирок А-го арналган майрамдар негизинен Дельфы храмында өткөрүлгөн. Делостогу А-дун храмы Делос союзунун диний-саясий борбору болгон. Кийин Италиянын грек колонияларынын тургундарынан А-ду ыйык тутуп, ага сыйынуу Римге өткөн. Римде А. динде ж-а мифологияда кудайлардын бири катары эсептелип, император Август аны өзүнүн патрону катары жарыялап ж-а анын урматына мелдештерди уюштуруп, Римдеги эң ажайып ж-а бай А. храмын курдурган.