АНАЛИЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:02, 5 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(гр. analysis – ажыроо ж-а бөлүнүү) –

нерсени же кубулушту курамдык бөлүктөргө ажыратуу аркылуу изилдөө. А. логикада түшүнүктүн пайда болушуна мүмкүнчүлүктү туудурган, бирдин көпкө, бүтүндүктү – бөлүктөргө, татаалдыкты – компоненттерге, окуяны – анын айрым тепкичтерине, акыл-эстин мазмунун – элементтерге, түшүнүктү – анын белгилерине ажыратып жиберет. А-ди колдонуу аналитикалык метод деп аталат. Элементардык А. – кубулушту, анын айрым бөлүктөрүнө ажыратат, булар бири-бирине бүтүндүккө кандай карым-катнашта экендигин эсепке албастан жүргүзүлөт. С е б е п А. – кубулушту анын себеп-натыйжа карым- катнашын эсепке алуу м-н тарамдап бөлүштүрөт. Логикалык А. – логикалык карым-катнашына, көз карандылыгына жараттта ажыратат. Феноменологи я л ы к А. – кубулуштагы акыл-эс мазмунун, маңызын бөлүп-бөлүп көрсөтөт. П с и х ологиялык А. – акыл-эстин мазмунун элементтерге ажыратат. Анализдөөдө эске ала турган нерсе, ал ар бир берилген предмет башкалар м-н анын табигый байланышынын бузулушунун натыйжасында, өзүнүн болмушун өзгөртөт. А-ге «талдоо» түшүнүгү туура келет.

Ш. К. Алиева.