АКМОЛДОЕВА Шайлообүбү
09:36, 23 Апрель (Чын куран) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Шайлообүбү Бородоевна (11. 3. 1950‑ж. т., Ысык‑Көл обл., Ак‑Суу р‑ну, Маман айылы) – философия илимд. доктору (1998). 1972‑ж. Казак мамл. ун‑тинин философия ф‑тин бүтүргөн. 1973–78‑ж. КМДТИда, 1979–91‑ж. КМУУда философия кафедрасында улук окутуучу, доцент, 1991‑ж. культурология б‑ча кафедра башчысы, 1992–93‑ж. философия ф‑тинин деканы, 1994–96‑ж. улук ил. кызматкер, социология ж‑а культурология кафедрасында доцент болуп иштеген. Философия тарыхы, маданияттаануу, манастаануу тармактары б‑ча адис.
Эмг.: Древнекыргызская модель мира (по материалам эпоса «Манас») Б.,1996; Духовный мир древних кыргызов. Б., 1998.