АУРАНГАБАД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:17, 25 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ Индиянын борб. бөлүгүндөгү шаар. Махараштра штатында. Калкы 1,2 млн (2011). Декан бөксө тоосунун түн.-батышында жайгашкан. Алгач Кхирхи (санскритче ‒ «терезе») аталып, 1610-ж. негизделген. Азыркыча Улуу Моголдордун акыркы императору Аурангзебдин урматына аталган. 17-к-дын архит. эстеликтери (а. и. Биби-ка-Макбара мавзолейи, Шах-Ганж мечити) сакталган. Шаарга жакын Аурангзебдин күмбөзү жайгашкан. Кебез ж-а жибек кездемени кол  м-н токуучу өндүрүшү иштейт. Туристтик борбор. Ажанте ж-а Эллор храмдарына маршруттар А-дан башталат.

Р. Карачалова.