АЙДАРААЛЫ Бейшүкүр уулу
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 карата 117-179>KadyrM тарабынан жасалган версия
Бейшүкүр уулу (лакап аты Айдараалы Жөргөлөк; 1851, азыркы Талас обл., КараБуура р‑ну, Кызыл‑Адыр айылы – 1934, ошол эле жерде) – комузчу, куудул, ырчы. А‑нын комузга, ырга шыктуулугу, куудулдугу бала чагындаэле көрүнгөн. «Курманбек», «Кожожаш» өңдүү кенже эпосторду айтып, өзү да сатиралык мүнөздөгү ырларды чыгарган. Кыякчы, чоорчу да болгон. Ал калк арасына комузчулук өнөр м‑н таанылган. Элге кеңири белгилүү чыгармалары: «Ак кочкор каңкы», «Канышбек», «Сары барпы», «Иле менен Каратал», «Дубананын жар салганы», «Ак токту», «Сурнай күү» ж. б. Ал ар бир күүнү ыр м‑н коштоп, күүсүнүн ыргагына жараша кебете‑кешпирин кубултуп, топусун төбөсүндө ойнотуп, ордунда жөрмөлөп, кол ойнотуп аткарган. Ошондуктан эл аны Айдараалы Жөргөлөк атка кондурган. «Дүнүйө», «Сен», «Сен дүнүйө», «Кол ойнотмо», «Айдараалынын алты кайырмасы» сыяктуу күүлөрдү чыгарган. Анын «Көйрөң күүсү» – комузчулар ансамблинин репертуарындагы негизги номерлерден.
Ад.: Алагушов Б. Кыргыз комузчулары жана комуз күүлөрү. Ф., 1961.