Difference between revisions of "АЙДАРБЕКОВ Иманаалы"
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙДАРБЕКОВ''' '''Иманаалы''' (1894, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Арчалы конушу – 5. 11. 1938, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары) – саясий жана мамлекеттик ишмер; ''Кара Кыргыз автономиялык облусунун'' революциялык комитетинин төрагасы (1924–1925), Кыргыз АССРнин Жогорку сотунун төрагасы (1927–1929). Атасы Айдарбек Турду уулу ''солто'' уруусуна караштуу күнтуу уругунун манабы болгон. Иманаалы Айдарбеков алгач жергиликтүү орус-тузем, анан Пишпектеги айыл-чарба мектебинен (1898–1905), Ташкент шаарындагы гидротехникалык окуу жайынан (1905–1907) билим алган. 1908-жылы атасы күтүлбөгөн жерден көз жуумп, кичүү бир туугандарына баш-көз болуп калган. 1912-жылдан 1918-жылга чейин бир эле учурда айыл башкармалыгында катчы, котормочу жана [[Келгиндер башкармалыгы]]нын башчысынын жардамчысы болуп иштеген. 1917-жылдан солчул эсерлердин (социал-революционерлер) партиясынын, 1918-жылдан коммунисттик партиянын | '''АЙДАРБЕКОВ''' '''Иманаалы''' (1894, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Арчалы конушу – 5. 11. 1938, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары) – саясий жана мамлекеттик ишмер; ''Кара Кыргыз автономиялык облусунун'' революциялык комитетинин төрагасы (1924–1925), Кыргыз АССРнин Жогорку сотунун төрагасы (1927–1929). Атасы Айдарбек Турду уулу ''солто'' уруусуна караштуу күнтуу уругунун манабы болгон. Иманаалы Айдарбеков алгач жергиликтүү орус-тузем, анан Пишпектеги айыл-чарба мектебинен (1898–1905), Ташкент шаарындагы гидротехникалык окуу жайынан (1905–1907) билим алган. 1908-жылы атасы күтүлбөгөн жерден көз жуумп, кичүү бир туугандарына баш-көз болуп калган. 1912-жылдан 1918-жылга чейин бир эле учурда айыл башкармалыгында катчы, котормочу жана [[Келгиндер башкармалыгы]]нын башчысынын жардамчысы болуп иштеген. 1917-жылдан солчул эсерлердин (социал-революционерлер) партиясына кабыл алынып, 1917-жылы жайында Пишпектеги «Алаш» казак-кыргыз партиясынын бөлүмү түзүлүп, И. Айдарбеков анын жетекчи орундарына шайланган. 1918-жылдан коммунисттик партиянын катарына өтүп, айыл коомунда катчы болуп иштеген. 1918-жылы март айында Күн-Туу болуштугунан Пишпектеги Кеңештердин биринчи съездине делегат болуп шайланган. 1919-жылы 14-мартта большевик И. Айдарбеков Пишпек уездиндеги кеңештердин кезектеги съездинде уезддик-шаардык аткомдун мүчөлүгүнө шайланат. Көп өтпөй, 1919-жылы Жети-Суу облустук Өзгөчө Комиссиянын Пишпек бөлүмүнө тергөөчүлүк кызматын аткарып, кийин бул тажрыйбасы эске алынып, Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагалыгына дайындалган. Андан кийин Пишпек уезддик революциялык комитетинин төрагасы (1920–1921), Пишпек уезддик советинин аткомунун төрагасы (1921–1923), Жети-Суу облустук жер бөлүмүнүн башчысы (1923–1924). | ||
[[File:АЙДАРБЕКОВ 149.png | thumb|none]] | [[File:АЙДАРБЕКОВ 149.png | thumb|none]] | ||
1924-жылы Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитети 17 адамдан турган Кыргыз ревкомун бекитип, анын төрагалыгына И. Айдарбеков, орун басарлыгына Д. Зульфибаев мүчөлүгүнө М. Каменский, Ж. Абдрахманов, С. Малышев, С. Чоңбашев, М. Ботобаев, П. Покровский, Б. Сарыбаев, Р. Расулов, И. Арабаев, Р. Кудайкулов, И. Тойчинов ж. б. шайланган. 1925-жылы Кыргыз автономиялуу обулусунун Орто Азиядагы (Ташкент ш.) атайын өкүлү, ошол эле учурда «Орто Азия даны» жана Кыргыз айыл-чарба банкынын башкармалыктарында мүчө, 1927–1929-жылдары Кыргыз АССРнин Жогорку сотунун төрагасы болуп иштеген. 1929-жылдан Кыргыз АССРнин жеңил өнөр-жай жана соода комиссариаттарынын эл комиссары кызматтарын аркалаган. Айдарбеков Советтердин болуштук, уездик, облустук съезддерине бир нече жолу делегат болуп шайланган. ''Ак‑Суу ко''з''голоңун'' (1918)'','' Нарындагы көтөрүлүштү (1920) басууга катышкан. Совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз АССР Борбордук аткомунун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1935-жылы 16-августта жалган жалаанын негизинде компартиянын мүчөлүгүнөн чыгарылып, 1937-жылы август айында социал-туран партиясынын мүчөсү деген айып менен камакка алынган. Көптөгөн кыйноо-кыстоолордон кийин 1938-жылы Фрунзедеги шаардык түрмөнүн короосунда атылган. 1958-жылы акталып, 1991‑жылы сөөгү ариет‑аза күтүү салты менен кайрадан ''Ата‑Бейит'' көрүстөнүндөгү жерге берилген. | 1924-жылы Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитети 17 адамдан турган Кыргыз ревкомун бекитип, анын төрагалыгына И. Айдарбеков, орун басарлыгына Д. Зульфибаев мүчөлүгүнө М. Каменский, Ж. Абдрахманов, С. Малышев, С. Чоңбашев, М. Ботобаев, П. Покровский, Б. Сарыбаев, Р. Расулов, И. Арабаев, Р. Кудайкулов, И. Тойчинов ж. б. шайланган. 1925-жылы Кыргыз автономиялуу обулусунун Орто Азиядагы (Ташкент ш.) атайын өкүлү, ошол эле учурда «Орто Азия даны» жана Кыргыз айыл-чарба банкынын башкармалыктарында мүчө, 1927–1929-жылдары Кыргыз АССРнин Жогорку сотунун төрагасы болуп иштеген. 1929-жылдан Кыргыз АССРнин жеңил өнөр-жай жана соода комиссариаттарынын эл комиссары кызматтарын аркалаган. Айдарбеков Советтердин болуштук, уездик, облустук съезддерине бир нече жолу делегат болуп шайланган. ''Ак‑Суу ко''з''голоңун'' (1918)'','' Нарындагы көтөрүлүштү (1920) басууга катышкан. Совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз АССР Борбордук аткомунун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1935-жылы 16-августта жалган жалаанын негизинде компартиянын мүчөлүгүнөн чыгарылып, 1937-жылы август айында социал-туран партиясынын мүчөсү деген айып менен камакка алынган. Көптөгөн кыйноо-кыстоолордон кийин 1938-жылы Фрунзедеги шаардык түрмөнүн короосунда атылган. 1958-жылы акталып, 1991‑жылы сөөгү ариет‑аза күтүү салты менен кайрадан ''Ата‑Бейит'' көрүстөнүндөгү жерге берилген. |
14:14, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 -деги абалы
АЙДАРБЕКОВ Иманаалы (1894, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Арчалы конушу – 5. 11. 1938, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары) – саясий жана мамлекеттик ишмер; Кара Кыргыз автономиялык облусунун революциялык комитетинин төрагасы (1924–1925), Кыргыз АССРнин Жогорку сотунун төрагасы (1927–1929). Атасы Айдарбек Турду уулу солто уруусуна караштуу күнтуу уругунун манабы болгон. Иманаалы Айдарбеков алгач жергиликтүү орус-тузем, анан Пишпектеги айыл-чарба мектебинен (1898–1905), Ташкент шаарындагы гидротехникалык окуу жайынан (1905–1907) билим алган. 1908-жылы атасы күтүлбөгөн жерден көз жуумп, кичүү бир туугандарына баш-көз болуп калган. 1912-жылдан 1918-жылга чейин бир эле учурда айыл башкармалыгында катчы, котормочу жана Келгиндер башкармалыгынын башчысынын жардамчысы болуп иштеген. 1917-жылдан солчул эсерлердин (социал-революционерлер) партиясына кабыл алынып, 1917-жылы жайында Пишпектеги «Алаш» казак-кыргыз партиясынын бөлүмү түзүлүп, И. Айдарбеков анын жетекчи орундарына шайланган. 1918-жылдан коммунисттик партиянын катарына өтүп, айыл коомунда катчы болуп иштеген. 1918-жылы март айында Күн-Туу болуштугунан Пишпектеги Кеңештердин биринчи съездине делегат болуп шайланган. 1919-жылы 14-мартта большевик И. Айдарбеков Пишпек уездиндеги кеңештердин кезектеги съездинде уезддик-шаардык аткомдун мүчөлүгүнө шайланат. Көп өтпөй, 1919-жылы Жети-Суу облустук Өзгөчө Комиссиянын Пишпек бөлүмүнө тергөөчүлүк кызматын аткарып, кийин бул тажрыйбасы эске алынып, Кыргыз АССРинин Башкы сотунун төрагалыгына дайындалган. Андан кийин Пишпек уезддик революциялык комитетинин төрагасы (1920–1921), Пишпек уезддик советинин аткомунун төрагасы (1921–1923), Жети-Суу облустук жер бөлүмүнүн башчысы (1923–1924).
1924-жылы Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитети 17 адамдан турган Кыргыз ревкомун бекитип, анын төрагалыгына И. Айдарбеков, орун басарлыгына Д. Зульфибаев мүчөлүгүнө М. Каменский, Ж. Абдрахманов, С. Малышев, С. Чоңбашев, М. Ботобаев, П. Покровский, Б. Сарыбаев, Р. Расулов, И. Арабаев, Р. Кудайкулов, И. Тойчинов ж. б. шайланган. 1925-жылы Кыргыз автономиялуу обулусунун Орто Азиядагы (Ташкент ш.) атайын өкүлү, ошол эле учурда «Орто Азия даны» жана Кыргыз айыл-чарба банкынын башкармалыктарында мүчө, 1927–1929-жылдары Кыргыз АССРнин Жогорку сотунун төрагасы болуп иштеген. 1929-жылдан Кыргыз АССРнин жеңил өнөр-жай жана соода комиссариаттарынын эл комиссары кызматтарын аркалаган. Айдарбеков Советтердин болуштук, уездик, облустук съезддерине бир нече жолу делегат болуп шайланган. Ак‑Суу козголоңун (1918), Нарындагы көтөрүлүштү (1920) басууга катышкан. Совет бийлигин чыңдоого жигердүү катышкандыгы үчүн Кыргыз АССР Борбордук аткомунун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1935-жылы 16-августта жалган жалаанын негизинде компартиянын мүчөлүгүнөн чыгарылып, 1937-жылы август айында социал-туран партиясынын мүчөсү деген айып менен камакка алынган. Көптөгөн кыйноо-кыстоолордон кийин 1938-жылы Фрунзедеги шаардык түрмөнүн короосунда атылган. 1958-жылы акталып, 1991‑жылы сөөгү ариет‑аза күтүү салты менен кайрадан Ата‑Бейит көрүстөнүндөгү жерге берилген.
Ад.: Джунушалиев, Дж. Время созидания и трагедий 20-30-е годы XX в. Б., 2003; Курманов З. К., Койчиев А. К., Абытов Б. К., Сатвалдиев Н. А. Первый, СПб., 2024.