Difference between revisions of "АСТИГМАТИЗМ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

09:36, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 -деги абалы

АСТИГМАТИЗМ (гр. а жана stigme ‒ чекит) ‒ көздүн оптикалык кемтиги. Анда бир эле көздө түрдүү рефракциялар (алыстан же жакындан начар жана жакшы көрүү) же бир эле рефракциянын ар түрдүү даражалары кездешет. Ал көздүн тунук чел ийрисинин жана чечекейдин формасынын өзгөрүшүнөн болот. Көздүн ар кайсы бөлүгүндөгү оптикалык системанын нурду чагылдыруу күчү ар кандай болгондуктан нерсенин сүрөттөлүшү даана көрүнбөйт. Мындай учурда көрүү атайын цилиндрлүү көз айнек, кээде кыналма линза кийүү менен оӊдолот (к. Көз айнек). Балдарды жыл сайын окулист врачка көрсөтүп, көз айнегин которуп туруу зарыл. Чоӊ кишилерде Астигматизм демейде туруктуу болот.