Difference between revisions of "АТАЙ кыштагы"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 ‒ Жалал-Абад обл-нун Тогуз-Торо р-ндагы кыштак. Атай айыл аймагына караштуу. Атай суусунун жээгинде, деӊиз деӊг. 1358 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыш-нан 25 км түш.-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 435 км. 1909-ж. отурукташкан. Айылдын аталышы «Курманбек» эпосундагы А. аттуу кейипкердин эрдиги, анын сөөгүнүн ошол жерде коюлушуна байланыштуу. Калкы 1459 (2009); негизинен мал ж-а аары чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.