Difference between revisions of "АМПЕР Андре Мари"
м (Dilde moved page АМПЕР 1 to АМПЕР Андре Мари) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АМПЕР''' Андре Мари (22. 1. 1775-10. 6. 1836) - | '''АМПЕР''' Андре Мари (22. 1. 1775-10. 6. 1836) - француз физиги <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> математиги; электр динамикасын негиздөөчүлөрдүн бири, Париж ИАга мүчө (1814). 1805-жылдан Париждеги политехникалык мектепте иштеген. Ушул мезгилде ыктымалдык теориясы, вариациялык эсептөө, матанализ боюнча эмгектерин жарыялайт. 1824-жылдан Париждеги нормалдуу мектептин профессор Ампер физика боюнча иштери <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> ири окумуштуулардын катарына кошулган. 1820-ж. X. К. Эрстед электр тогунун магнит жебесине жасаган аракетин ачкандан кийин, Ампер ток аракети <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> магнит жебесинин кыйшаюу багытын аныктаган. Анын кийинки изилдөөлөрү электр тогу өткөн учурда өткөргүчтөрдүн өз ара аракеттенүүлөрүнүн ачылышына <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> бул өз ара аракеттенүү күчүнүн чоңдугун аныктоого алып келген (к. ''Ампер закону).'' Ампер 1-жолу магнетизм теориясын түзгөн. |
09:54, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 -деги абалы
АМПЕР Андре Мари (22. 1. 1775-10. 6. 1836) - француз физиги жана математиги; электр динамикасын негиздөөчүлөрдүн бири, Париж ИАга мүчө (1814). 1805-жылдан Париждеги политехникалык мектепте иштеген. Ушул мезгилде ыктымалдык теориясы, вариациялык эсептөө, матанализ боюнча эмгектерин жарыялайт. 1824-жылдан Париждеги нормалдуу мектептин профессор Ампер физика боюнча иштери менен ири окумуштуулардын катарына кошулган. 1820-ж. X. К. Эрстед электр тогунун магнит жебесине жасаган аракетин ачкандан кийин, Ампер ток аракети менен магнит жебесинин кыйшаюу багытын аныктаган. Анын кийинки изилдөөлөрү электр тогу өткөн учурда өткөргүчтөрдүн өз ара аракеттенүүлөрүнүн ачылышына жана бул өз ара аракеттенүү күчүнүн чоңдугун аныктоого алып келген (к. Ампер закону). Ампер 1-жолу магнетизм теориясын түзгөн.