Difference between revisions of "АГАЖАРИ КЕНИ"
Jump to navigation
Jump to search
м (Temirkan moved page АГАЖАР И КЕНИ to АГАЖАРИ КЕНИ) |
|
(Айырма жок)
|
14:21, 15 Август (Баш оона) 2023 -деги абалы
АГАЖАРИ КЕНИ ‒ Ирандын түштүк-чыгышындагы ири газ-нефть кени. Нефтилүү бассейн Перс булуӊунун чегинде жайгашкан. 1936-жылы ачылып, 1938-жылдан иштетилет. Аянты 388,5 км2. Алгачкы нефть запасы 1,9 млрд т, газ 263 млрд м3. Асимметриялык антиклиналдык түзүлүшүнүн бүктөлүү канатчасы Месопатамия ийилүүсүнө туура келет. Курамындагы акиташ тегинин тереӊдиги 1550‒1250 м, жогорку бор акиташы ‒ 1700 мден жогору. Нефтинин тыгыздыгы 852 кг/м3, күкүрттүүлүгү 1,4%. Нефть куурлары Бендер-Махшехр портуна жана Абадан шаарындагы нефть ажыратуучу заводго чейин жеткирилген.