Difference between revisions of "АЙТМАТОВ Төрөкул"
м (Kerimova-59 moved page АЙТМАТОВ 1 to АЙТМАТОВ Төрөкул) |
|||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЙТМАТОВ''' Төрөкул (1903, Олуя‑Ата уезди, Күркүрөө болушу, азыркы Кара‑Буура р‑ну, Ше­кер айылы – 1938, Фрунзе) – саясий ж‑а мамл. ишмер. 1917‑ж. орус‑жерг. мектебин, 1924‑ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик ун‑тин бүтүргөн. 1920–21‑ж. болуштук рев­комдун, Грозный кыш‑ндагы жарды‑жалчылар к‑тинин секретары, 1924–26‑ж. ВКП(б)нын Кыр­гыз обкомунун агитация ж‑а пропаганда бөлүмү­нүн башчысынын орун басары ж‑а башчысы, 1926–29‑ж. Каракол‑Нарын округдук к‑тинин, Жалал‑Абад кантондук к‑тинин секретары, 1929–31‑ж. Кыргыз АССРинин өнөр жай‑соода эл комиссары ж‑а Эл чарбасынын борб. совети­нин төрагасы, 1931–33‑ж. партиянын Араван-­Буура райкомунун 1‑секретары, 1934–35‑ж. ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун 2‑секретары бо­луп иштеген. 1935–37‑ж. Москвадагы Кызыл профессура ин‑тунда окуган. Анын демилгеси м‑н 1926‑жылдан кыргыз тилинде «Коммунист» парт.-саясий журналы чыга баштаган. А. 1927–28‑ж. респ‑нын түштүгүндө жер‑суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген. <br> | |||
[[File:АЙТМАТОВ 18.png | thumb | none]] | [[File:АЙТМАТОВ 18.png | thumb | none]] | ||
1937‑ж. 1‑декабрда жазыксыз камакка алынып, ага «куралдуу жол м‑н Совет бийлигин кулатууну ж‑а Англиянын протекторатынын астында буржуа­зиялык‑улутчулдук мамлекетти түзүүнү милдет кылып алган, Кырг‑нда бети ачылып, жок кылынган контр­революциячыл‑улутчул «социал‑туран» партиясынын көрүнүктүү ишмери» деген күнөө коюлган ж‑а 1938‑ж. 5‑ноябрда атылган. 1957‑ж. акталып, партия­луулугу калыбына келтирилген. Сөөгү 1991‑ж. Чоң‑Таш айылындагы ''Ата‑Бейит'' көрүстөнүнө ариет – аза м‑н коюлган. Туулуп‑өскөн жери ­Шекер айылындагы мектепке А‑дун ысмы кою­луп, эстелиги орнотулган (1992).<br> | 1937‑ж. 1‑декабрда жазыксыз камакка алынып, ага «куралдуу жол м‑н Совет бийлигин кулатууну ж‑а Англиянын протекторатынын астында буржуа­зиялык‑улутчулдук мамлекетти түзүүнү милдет кылып алган, Кырг‑нда бети ачылып, жок кылынган контр­революциячыл‑улутчул «социал‑туран» партиясынын көрүнүктүү ишмери» деген күнөө коюлган ж‑а 1938‑ж. 5‑ноябрда атылган. 1957‑ж. акталып, партия­луулугу калыбына келтирилген. Сөөгү 1991‑ж. Чоң‑Таш айылындагы ''Ата‑Бейит'' көрүстөнүнө ариет – аза м‑н коюлган. Туулуп‑өскөн жери ­Шекер айылындагы мектепке А‑дун ысмы кою­луп, эстелиги орнотулган (1992).<br> |
18:23, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АЙТМАТОВ Төрөкул (1903, Олуя‑Ата уезди, Күркүрөө болушу, азыркы Кара‑Буура р‑ну, Шекер айылы – 1938, Фрунзе) – саясий ж‑а мамл. ишмер. 1917‑ж. орус‑жерг. мектебин, 1924‑ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик ун‑тин бүтүргөн. 1920–21‑ж. болуштук ревкомдун, Грозный кыш‑ндагы жарды‑жалчылар к‑тинин секретары, 1924–26‑ж. ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун агитация ж‑а пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары ж‑а башчысы, 1926–29‑ж. Каракол‑Нарын округдук к‑тинин, Жалал‑Абад кантондук к‑тинин секретары, 1929–31‑ж. Кыргыз АССРинин өнөр жай‑соода эл комиссары ж‑а Эл чарбасынын борб. советинин төрагасы, 1931–33‑ж. партиянын Араван-Буура райкомунун 1‑секретары, 1934–35‑ж. ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун 2‑секретары болуп иштеген. 1935–37‑ж. Москвадагы Кызыл профессура ин‑тунда окуган. Анын демилгеси м‑н 1926‑жылдан кыргыз тилинде «Коммунист» парт.-саясий журналы чыга баштаган. А. 1927–28‑ж. респ‑нын түштүгүндө жер‑суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген.
1937‑ж. 1‑декабрда жазыксыз камакка алынып, ага «куралдуу жол м‑н Совет бийлигин кулатууну ж‑а Англиянын протекторатынын астында буржуазиялык‑улутчулдук мамлекетти түзүүнү милдет кылып алган, Кырг‑нда бети ачылып, жок кылынган контрреволюциячыл‑улутчул «социал‑туран» партиясынын көрүнүктүү ишмери» деген күнөө коюлган ж‑а 1938‑ж. 5‑ноябрда атылган. 1957‑ж. акталып, партиялуулугу калыбына келтирилген. Сөөгү 1991‑ж. Чоң‑Таш айылындагы Ата‑Бейит көрүстөнүнө ариет – аза м‑н коюлган. Туулуп‑өскөн жери Шекер айылындагы мектепке А‑дун ысмы коюлуп, эстелиги орнотулган (1992).