Difference between revisions of "АЙТМАМБЕТОВ Дүйшө"
Jump to navigation
Jump to search
м (Kerimova-59 moved page АЙТМАМБЕТОВ to АЙТМАМБЕТОВ Дүйшө) |
|
(Айырма жок)
|
17:40, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 -деги абалы
АЙТМАМБЕТОВ Дүйшө [1921, Ысык‑Көл обл., Тоң р‑ну, Күнчыгыш (азыркы Бөкөнбаев) айылы – 1985, Фрунзе] – тарыхчы, тарых илимд. доктору (1981), проф. (1983). 1951‑ж. Кыргыз мамл. пед. ин‑тун бүтүргөн. 1951‑жылдан Кырг‑н КП БКнын аппаратында жооптуу кызматта, «Мугалимдер газетасынын» редактору, Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин‑тунда кенже, улук ил. кызматкер, Кыргыз пед. ил‑изилдөө ин‑тунда сектор башчы, 1981‑85‑ж. КМУда Кырг‑ндын тарыхы кафедрасында доцент, проф. болуп иштеген. Анын ил. эмгектери Кырг‑ндын рев‑яга чейинки салттуу мад‑тын изилдөөгө арналган. 130дан ашык ил. эмгектин автору.
Эмг.: Развитие культуры киргизского народа во второй половине 19 и начале 20 вв. Ф., 1967; Кыргыз ССРинин тарыхы. Ф., 1963, 1968.