Difference between revisions of "АЗОТ ТОПТООЧУ МИКРООРГАНИЗМДЕР"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
АЗОТ ТОПТООЧУ МИКРООРГАНИЗМДЕР – абадагы мол. азотту сиңирип, азот бирикмелерине айландыруучу микроорганизмдер. Буга татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр м‑н ''симбиоздо'' жашаган бактериялар, топуракта эркин жашоочулар да кирет. Азоттун табиятта айланышында ж‑а топуракты, көлмөлөрдү азот кошулмалары м‑н байытууда алардын мааниси чоң (симбиоздук бактериялар жылына 1 ''га'' топуракта 200‑300 ''кг,'' симбиоздук эместер 15‑30 ''кг'' азот топтойт). Булардын тиричилигинин натыйжасында мол. азоттон (N<sub>2</sub>) аммиак (NH<sub>3</sub>) пайда болот. Ал эми аммиактан синтезделген амин к‑таларды өсүмдүктөр пайдаланат. Топуракта, сууда эркин жашаган микроорганизмдерге азот ж‑а анаэробдук бактериялар – клостридум, метан кычкылдандыруучу бактериялар, кызыл күкүрт ж‑а жашыл күкүрт бактериялары кирет. Көк жашыл бактериялардын көбү, кээ бир козу карындар, ачыткылар, спирохеталар да азот топтойт. Симбиоздук азот топтоочуларга чанактуу өсүмдүктүн (буурчак, беде, уй беде, люпин ж. б.) тамырларында жашоочу түймөк бактериялары кирет. О. эле түймөкчөлөр ольха, жийде ж. б. өсүмдүктүн тамырында да жашап, азот бирикмелерин топтойт.<br> |
11:04, 25 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЗОТ ТОПТООЧУ МИКРООРГАНИЗМДЕР – абадагы мол. азотту сиңирип, азот бирикмелерине айландыруучу микроорганизмдер. Буга татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр м‑н симбиоздо жашаган бактериялар, топуракта эркин жашоочулар да кирет. Азоттун табиятта айланышында ж‑а топуракты, көлмөлөрдү азот кошулмалары м‑н байытууда алардын мааниси чоң (симбиоздук бактериялар жылына 1 га топуракта 200‑300 кг, симбиоздук эместер 15‑30 кг азот топтойт). Булардын тиричилигинин натыйжасында мол. азоттон (N2) аммиак (NH3) пайда болот. Ал эми аммиактан синтезделген амин к‑таларды өсүмдүктөр пайдаланат. Топуракта, сууда эркин жашаган микроорганизмдерге азот ж‑а анаэробдук бактериялар – клостридум, метан кычкылдандыруучу бактериялар, кызыл күкүрт ж‑а жашыл күкүрт бактериялары кирет. Көк жашыл бактериялардын көбү, кээ бир козу карындар, ачыткылар, спирохеталар да азот топтойт. Симбиоздук азот топтоочуларга чанактуу өсүмдүктүн (буурчак, беде, уй беде, люпин ж. б.) тамырларында жашоочу түймөк бактериялары кирет. О. эле түймөкчөлөр ольха, жийде ж. б. өсүмдүктүн тамырында да жашап, азот бирикмелерин топтойт.