Difference between revisions of "АЗОТ ТОПТОО"
Jump to navigation
Jump to search
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АЗОТ ТОПТОО''' – атм‑дагы мол. азотту (N<sub>2</sub>) азоттуу бирикмелерге айландыруу процесси. Азотту ар кандай ''азот топтоочу микроорганизмдер'' (бактериялар, актиномицеттер, ачыткыч козу карындар, козу карындар, көк жашыл балырлар) топтойт. А. т. – жаратылышта азоттун айлануусунда чоң роль ойноочу маанилүү биол. процесс. 1 ''га'' топурактын үстүндөгү атм‑да 70 миң т эркин абалдагы азот кармалып турат. А. т‑нун натыйжасында анын бир бөлүгү жогорку түзүлүштүү өсүмдүктөр үчүн пайдаланылат. Көк жашыл балырлар шалы плантациясында гектарына бир жылда 200 ''кг'' азот топтойт. Буурчак өсүмдүктөрдөгү түймөк бактериялардын аракетинен бир сезондо 100‑250 кгга чейинки азот топуракка сиңирилет. Бул процесстин а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн арттыруу ж‑а топурактын асылдуулугун жогорулатуу үчүн эң чоң мааниси бар. Ошондуктан чанактуулардын уругун түймөк бактериялардын препараттары м‑н аралаштырып себишип, кийинки жылы анын ордуна дан өсүмдүктөрүн айдашат. А. т‑ну изилдөө өтө маанилүү. 1894‑ж. С.Н. Виноградский А. т‑нун натыйжасында аммиак (NH<sub>3</sub>) пайда болоорун болжолдоп айткан. Азыркы убакта азоттун оор изотобун ((N<sup>15</sup>) колдонуу м‑н жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө анын тууралыгы аныкталды. А. Н. Бах А. т‑ну (1934) окистендирүү‑калыбына келтирүүчү ферменттердин аракеттеринин натыйжасы деп ойлогон. Мол. азоттун (N<sub>2</sub>) аммиакка (NH<sub>3</sub>) чейин калыбына келиши курамында темир, молибден, магний болгон ж‑а электрондорду N<sub>2</sub> ташуучу ферменттик системанын катышуусу м‑н ишке ашары ырасталган. А. т‑чу ферменттик система N<sub>2</sub>нин калыбына келишин катализдейт. Мында керектелүүчү энергия аденозинтрифосфаттан (АТФ), калыбына келтиргичтен, мис., мол. суутектен (Н<sub>2</sub>) же сульфит гидратынан (Na<sub>2</sub>S<sub>2</sub>0<sub>4</sub>) алынат. Ошентип, ферменттердин жардамы м‑н жүрүүчү А. т. кычкылтекти керектебестен эле, калыбына келүүчү процесс болуп саналат. А. т‑нун мааниси өтө чоң. ''Б.Бегалиева.''<br> |
10:54, 25 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 -деги абалы
АЗОТ ТОПТОО – атм‑дагы мол. азотту (N2) азоттуу бирикмелерге айландыруу процесси. Азотту ар кандай азот топтоочу микроорганизмдер (бактериялар, актиномицеттер, ачыткыч козу карындар, козу карындар, көк жашыл балырлар) топтойт. А. т. – жаратылышта азоттун айлануусунда чоң роль ойноочу маанилүү биол. процесс. 1 га топурактын үстүндөгү атм‑да 70 миң т эркин абалдагы азот кармалып турат. А. т‑нун натыйжасында анын бир бөлүгү жогорку түзүлүштүү өсүмдүктөр үчүн пайдаланылат. Көк жашыл балырлар шалы плантациясында гектарына бир жылда 200 кг азот топтойт. Буурчак өсүмдүктөрдөгү түймөк бактериялардын аракетинен бир сезондо 100‑250 кгга чейинки азот топуракка сиңирилет. Бул процесстин а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн арттыруу ж‑а топурактын асылдуулугун жогорулатуу үчүн эң чоң мааниси бар. Ошондуктан чанактуулардын уругун түймөк бактериялардын препараттары м‑н аралаштырып себишип, кийинки жылы анын ордуна дан өсүмдүктөрүн айдашат. А. т‑ну изилдөө өтө маанилүү. 1894‑ж. С.Н. Виноградский А. т‑нун натыйжасында аммиак (NH3) пайда болоорун болжолдоп айткан. Азыркы убакта азоттун оор изотобун ((N15) колдонуу м‑н жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө анын тууралыгы аныкталды. А. Н. Бах А. т‑ну (1934) окистендирүү‑калыбына келтирүүчү ферменттердин аракеттеринин натыйжасы деп ойлогон. Мол. азоттун (N2) аммиакка (NH3) чейин калыбына келиши курамында темир, молибден, магний болгон ж‑а электрондорду N2 ташуучу ферменттик системанын катышуусу м‑н ишке ашары ырасталган. А. т‑чу ферменттик система N2нин калыбына келишин катализдейт. Мында керектелүүчү энергия аденозинтрифосфаттан (АТФ), калыбына келтиргичтен, мис., мол. суутектен (Н2) же сульфит гидратынан (Na2S204) алынат. Ошентип, ферменттердин жардамы м‑н жүрүүчү А. т. кычкылтекти керектебестен эле, калыбына келүүчү процесс болуп саналат. А. т‑нун мааниси өтө чоң. Б.Бегалиева.