Difference between revisions of "АВРЕЛИЙ Марк"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''АВРЕЛИЙ''' Марк (26. 4. 121, Рим –17. 3. 180, Виндобона, азыркы Вена) – 161-жылдан Рим императору, философ,...")
 
(Айырма жок)

15:29, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы

АВРЕЛИЙ Марк (26. 4. 121, Рим –17. 3. 180, Виндобона, азыркы Вена) – 161-жылдан Рим императору, философ, стоицизм өкүлү. Претор Анний Вердин уулу, Анто­нин Пийдин асыранды баласы. Римде импера­тор Адрианга жакын чөйрөдө чоңойгон. Ички саясатында бюрократтык аппаратты ж-а мыйзам чыгарууну тартипке келтирүүгө умтулган. 162–166-ж. парфиялыктарга каршы жүргүзгөн согушу Арменияда протекторатын калыбына келтирүү ж-а Месопотамияны басып алуу м-н аяктайт. 166–180-ж. Дунай боюндагы провинцияларга кирип келген германдыктар м-н сарматтарга каршы согуш (Маркоманн согушу) жүргүзөт. Тынымсыз согуштар империяны начарлатып, элдин жакырданышына, эпидемиялардын күч алышына алып келген. Стоиктер мектебинин жактоочусу катары таанылган А. «Өзүм м-н өзүм» аттуу филос. чыгармасында адамдагы моралдык сапаттарды өөрчүтүүгө умтулуп, ал эми саясий түзүлүштү өркүндөтүү мүмкүн эместигин белгилеген.