Difference between revisions of "АВТОКЛАВ"
Jump to navigation
Jump to search
(Айырма жок)
|
10:07, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 -деги абалы
м е д и ц и н а д а ‒ хирург. таӊгычтарды, аспаптарды, микроорганизмдер өстүрүлүүчү жабдууларды, инфекция жуккан материалды, операцияда кийилүүчү халаттарды ж.б-ды жогорку басым астында буу м-н пакизалоочу (стерилдөөчү) жылчыксыз аппарат. Анын негизги бөлүгүн керектүү темп-ра ж-а басымдагы суу буусун алууга ылайыкталган жылчыксыз жабык буу камерасы түзөт. Буу камерасынын ичинде стерилдөөчү камера орнотулган. Ал камералардын ортосундагы боштукка суу куюлат. А-ды ысытканда буу камералардын капталдарынын ортосунда жогору көтөрүлүп, стерилдөөчү камеранын жогорку бөлүгүндөгү тешикчелер аркылуу ага кирип, басым ж-а темп-ра көтөрүлүп, стерилденүүчү материалдагы микроорганиздерди өлтүрөт. А. металл м-н капталган ж-а ал асбест катмары м-н бөлүнгөн. Көчмө ж-а стационардык А. колдонулат.