Difference between revisions of "АКЕ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

12:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 а г а, а б а, б а й к е – 1) өзүнөн улуу эркек кишилерди урматтоо, сыйлоо, ызааттоо иретинде айтылуучу сөз; 2) айрым жерлерде кыр­гыздын салты б‑ча туугандардын ичинде келин­дердин кайнагаларын тергегени. Мында кайсы кайнагасын айтып жатканын дааналоо үчүн алардын ар кимисине көмөкчү аттарды коюп аташкан (молдоаке, төкөраке); 3) калыс болуп, адилеттикти туу тутуп, турмушта чындыктан тайбаган, эл мүдөөсүн аркалап, келечекти көрө билген акылман, калың журттун сый‑урматы­на ээ болгон даанышман инсандардын ардак­туу наамы. Өткөн замандарда эл ичинде талаш­тартыштарды акыйкаттык м‑н чечкен адамдын аброю жогорулап, барган сайын А. деп атала баштаган. Мындай А‑лер ар бир элде, урууда болгон. Мис., 18‑к‑дын аягы – 19‑к‑дын башын­да Ысык‑Көл өрөөнүндө Мойт ж‑а Сарт аттуу адамдар жашап, алар өздөрүнүн акылмандуу­лугу м‑н жалпы элге белгилүү болушкан. Алар өздөрүнүн баалуу кеңештери, нускалуу сөзү, жасаган иштери м‑н көл кылаасындагы элде кадыр‑баркка ээ болушуп, чоң жыйындар алар­сыз өтпөптүр. 1840‑ж. Жыргалаң суусунун бо­юнда чоң жыйын өткөрүлүп, тарыхта белгилүү инсан Тилекмат Жылкыайдар уулу элге: мын­дан ары Мойт атаны, Сарт абаны «Аке» деп ардактайлы деген сунуш м‑н кайрылганда, эл жапырт колдоп, ошондон алар Мойт аке (90дон өткөн учурда), Сарт аке (80ге караган кезде) ата­лып калат. Ошондон кийин бул тараптан Са­дыр аке, Карач аке, Кыдыр аке өндүү акылман­дар чыгат. Кийинки учурда аларга Карга аке м‑н Тилекмат аке кошулуп, бардыгы 7 А. эл арасында айтылып жүрөт.	
К. Асанбеков.