Difference between revisions of "АВТОЛИТОГРАФИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
v1e2_72-116>Kadyrm |
v1e2_72-116>Kadyrm |
(Айырма жок)
|
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 -деги абалы
(гр. autos ‒ өзүм, lithos ‒ таш, grapho ‒ жазам, тартам) ‒ литографияны
аткаруунун бир түрү. Бул ыкмада сүрөтчү тикеден-тике таштын өзү м-н иштейт ж-а ушул ыкма м-н аткарылган графикалык чыгарма да А. деп аталат. Сүрөтчү толугу м-н, б. а. басмага басуунун толук технол. процессин литографиялык ташта көркөм иштөөнүн өзүн камтуу м-н аткарат. Ташты иштетүү ж-а басмада басуу уста-полиграфист аркылуу жүргүзүлөт. Ташка тартылган чыгарманын көркөмдүгү сүрөтчүнүн жеке изденүүсүнө ж-а таштын формасына, аспаптарды колдонуусуна жараша болот. КРдин Сүрөтчүлөр союзундагы басма графика өнөрканасы Австрия ж-а Швейцария өлкөлөрүнүн колдоосу м-н уюшулган (2005). А. Касымалиев.