Difference between revisions of "АФИНЫ байыркы шаар-мамлекет"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
556-684>KadyrM
(Айырма жок)

14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 -деги абалы

 Б а й ы р к ы ‒ Байыркы Грекиянын

тарыхында ж-а мад-тында Спарта м-н катар эле чоӊ роль ойногон Аттикадагы шаар-мамлекет (полис). А-нын тарыхы бир нече доорго бөлүнөт. Эзелки А. (б. з. ч. 2 миӊинчи жылдан 6-к-га чейин). Археол. изилдөөлөр б-ча Микен доорунда эле Акрополдун айланасында чеп, дубал м-н курчалган алгачкы турак жайлар салынган. Аттикадагы уруу жамааттарында акырындап жердин көбү аристократтардын менчигине өткөн. Карыздар болгон дыйкандар жеринен гана эмес, эркиндигинен да ажыраган. Карыз эркин адамдарды кулга айландыруунун бир булагы болгон. Б. з. ч. 594‒593-ж. демостун кысымы астында Солон реформа жүргүзүп, ал б-ча дыйкандардын карыздары жоюлган ж-а эркин афиналыктарды карыз үчүн кулга айландырууга тыюу салынган. 560-ж. ченде А-да саясий төӊкөрүш болуп, Писистраттын тираниясы орнойт. Ал дыйкандардын, кол өнөрчүлөрдүн, соодагер лердин кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзгөн. 508-ж. Клисфен жетектеген демостун көтөрүлүшү жеӊишке жетишкен. Клисфен жүргүзгөн реформанын натыйжасында уруулук түзүлүштүн калдыктары жоюлуп, кул ээлөөчүлүк мамлекет түптөлгөн. Грек-Персия согушунда (б. з. ч. 500‒449) А. чоӊ роль ойногон. Ионийлик ш-лардын көтөрүлүшүн колдоп, перстерди жеӊген, грек мамлекеттеринин коргонуу союзуна биринчилерден кирген (490), кийинчерээк А. Делос союзун жетектеп калган. А-да ошол кезде эӊ прогрессчил мамлекеттик түзүлүш ‒ кул ээлөөчүлүк демократия орнотулуп, Периклдин убагында А. эӊ жогорку гүлдөөгө жетишкен, жогорку бийлик элдик чогулушка өткөн. Мад-т, курулуш иши мыкты өнүккөн. Акрополь ансамбли дүйн. архитектуранын эӊ сонун үлгүсү болуп калды. Бирок А. державасынын ичиндеги карама-кар шылыктар анын башка полистер м-н кагылышуусуна түрткү болгон ж-а бүткүл Грецияны бүлүнткөн Пелопонесс согушунун (431‒404) чыгышына алып келген. Бул согушта А. жеӊилип, Грекиядагы өзүнүн мурдагы маанисин биротоло жоготкон. Эллин доорунда А-нын абалы бир нече жолу өзгөрүп, кээде узакка болбосо да, көз каранды эместикке жетишип, айрым учурда Македония аскер гарнизонун киргизип турган. Б. з. ч. 146-ж. А-да Рим үстөмдүгү орногон. 88-ж. А. Римге каршы кыймылга кошулган, 86-ж. римдик кол башчы Корнелий Сулла А-ны каратып алат.
Ад.: История древней Греции.: под ред. В. И. Авдиева, А. Г. Бокщанина. М., 1972.