Difference between revisions of "АЭРОМАГНИТТИК СЪЕМКА"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Айырма жок)

16:24, 9 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

АЭРОМАГНИТТИК СЪЕМКА‒ атайын жабдылган самолёттор, вертолёттор жана спутниктеги аппараттар менен жердин магнит талаасын изилдөө ыкмасы. Ал изденчү жердин магниттик чыӊалуу күчүнүн тике багыттуу вектор бөлүгүн же жер магнетизминин толук векторун тынымсыз автоматтык түрдө аэромагнитометр менен ченөөгө негизделген. Аэромагниттик съемка ыкмасы тоотектердин айрым түрлөрүн ажыратууда, геологиялык карталарды түзүүдө жана темир, боксит ж. б. кендерин издөөдө пайдаланылат. Съёмканын масштабына жараша маршруттардын аралыгы 500мден 10 кмге чейин өзгөрөт. Маршруттар геологиялык структуралардын туурасын карай бири бирине жарыш жүргүзүлөт. Мында самолёт бир калыптагы бийиктикте учууга тийиш. Жыйынтыктары изокарталар жана графиктер түрүндө көрсөтүлөт.